«УКМК кызматкеримин» деп журналистке зомбулук көрсөткөн адам табылды

  • 3 года мурун

«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкеримин» деп журналист Мээрим Айныкеевага опуза кылган адам табылды. Бул тууралуу 22-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айныкееванын арызынын негизинде Бишкек шаарынын тургуну Н. М. уулу кармалып, атайын кызматтын кабыл алуу бөлүмүнө алынып келинген. Ал журналистти мурдатан тааный турганын, ресторанда мас абалында аны тамашага салганын, бул үчүн өкүнөрүн айткан.

Бирок Мээрим Айныкеева «Фейсбук» баракчасында ал адамды тааныбай турганын жазып чыкты.

«Мен өзүн «УКМКчыл» катары көрсөткөн бала менен эч жерде чогуу иштешкен эмесмин! Мурда-кийин тааныбайм, көргөн дагы эмесмин! Таанысам айтмакмын да дароо».

Алдын ала маалыматтарга караганда, журналистти опузалаган адам эч жерде иштебейт. Анын жоругуна юридикалык баа берүү үчүн материалдар атайын кызматтын Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Мээрим Айныкеева — “Али Токтакунов МедиаХабынын” кабарчысы. Ал Бишкектеги кафелердин биринде белгисиз бирөөнүн зомбулугуна туш болгон. «УКМКда иштейм» деген адам анын телефонун тартып алууга аракет кылганын иликтөөчү журналист Али Токтакунов 12-октябрда «Фейсбукка» жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты