УКМК «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Оштогу кызматкерлерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  УКМК Ош шаарындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектүү катары кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Алар кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыктарына каршы чыгууга жана көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар үчүн мыйзамсыз акча талап кылууга шектелүүдө

Маалыматта айтылгандай, Ош шаарындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери К.У.Б. жана М.А.Э. чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырууга шектелүүдө.

22-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган кызмат адамдары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Оштогу кызматкерлерин кармады

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты