УКМК Кыргызстандан Ооганстанга мунай ташылып жатканы жөнүндө маалыматты төгүндөдү

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) маалымат каражаттарында тарап жаткан «Кыргызстандан Ооганстанга мунай заты ташылып жатат» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

2021-жылдын 16-декабрына карата Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай заттарын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты