УКМК Кыргызстан жана Кытай жарандарынын никелешүүсү көбөйгөн эместигин билдирди
- 1 неделя мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандары менен Кытай жарандарынын ортосунда никеге туруу көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар чагымчыл жана негизсиз экенин билдирди.
УКМК билдиргендей, 2020—жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий катталган мындай никенин саны 129ду түзөт, алардын көпчүлүк бөлүгү Кытай жарандары болуп саналган ар кандай этникалык уйгурлардын, дунгандардын ж.б. өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн.
Ошол эле учурда кыргыздар менен кытайлыктардын (хань) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер. Бул процесстер Кыргыз Республикасындагы жалпы демографиялык кыраалга таасир этпей турганын билдирди.
УКМК расалык, этникалык, улутар аралык, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертти.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




