УКМК: Курал-жарак жана ок-дары сакталган жай табылды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 ×15,6 мм R үлгүсүндөгү бир нече ондогон ок-дарылар сакталган жер табылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган кишилерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

УКМК курал, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эске салат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты