УКМК: «Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Керемет Банк» зыяндын ордун толугу менен толтурду»

  • 2 года мурун

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Керемет Банк» зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери А.К. тарабынан тиешелүү 5 жеке компанияга 2,6 миллион доллар жана 323 миллион сом өлчөмүндө насыяны банкка ашыкча баалоо менен ликвиддүү эмес мүлктү күрөөгө коюу менен берүүгө макулдук берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен «Керемет Банк» ААКга келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, берилген насыяларды толук камсыз кылган А.К. тарабынан берилген күрөө менен мамлекеттик банк үчүн тобокелдиктер азайтылды.

Күрөөгө коюлган мүлк “Керемет Банк” ААКнын пайдасына 406 миллион 946 миң 950 сом өлчөмүндө камсыздалды жана кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөө графиги бузулган учурда бул кыймылсыз мүлк мамлекеттик банктын кирешесине айландырылат», — деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө акцияларынын 97,45 пайызы мамлекетке тиешелүү болгон «Керемет Банк» ААКсынын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп ири өлчөмдөгү насыяларды берүү менен мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты