Чек ара кызматынын аскер кызматкерине кылмыш иши козголду
- 2 месяца мурун
Чек ара кызматынын аскер кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 9-июлда саат 15:00 чамасында, Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн контрактык негизиндеги аскер кызматкери сержант С. у Э., Баткен облусунун Лейлек районунун “Үч-Котон” жеринде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатп, пикир келишпестиктен улам, 2057 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери ефрейтор С.Т.Днын жаагына чаап жиберген. Натыйжада С.Т.Днын жаагы сынып калган.
Бул факты боюнча, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 388-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту, ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-бернесинин негизинде сержант С. у Э. Баткен райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө улантылууда.
Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




