УКМК коррупциялык схема түзгөн салыкчылар кармалганын кабарлады

  • 11 месяцев мурун

Күйүүчү-майлоочу материалдарды салык төлөмдөрүн төлөбөй Кыргызстанга ташып келген жана саткан коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Айрым ишканаларга көп суммада салык төлөөдөн качууга көмөктөшкөн деген шек менен Салык кызматынын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы кармалды.  Ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси да кармалган.

Мындан тышкары, Салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүм башчысы жана Салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору документтерди жасалмалоого шектелүүдө.

Алар жасалма электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамп чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү майды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан.

Бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер жүрүп жакандыгы маалымдалды. Ал эми күйүүчү майды аткезчилик менен ташып келген фирмалардын салык иштери текшерилип жаткандыгы белгилүү болду.   

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты