УКМК: Коргоо министрлигинин системасында коррупциялык схема аныкталды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мобилизациялык резервдин администрациясынын ичинен айрым офицерлер акча каражаттарын талап кылуу менен алектенишкен.

Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары, майор  Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири лейтенант К.А.Б. Кой-Таш аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү жана уюлдук телефон колдонуу түрүндөгү айрым жеңилдиктерди берүү үчүн акча талап кылуунун системалуу схемасын уюштурган. Бул кызматтары үчүн кызматкерлер 1000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 342-беренеси, пара алуу боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишинин алкагында милициянын майору Б.М.М. жана лейтенант К.А.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Коргоо мекемесинде коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты