УКМК Коргоо министрлигинде контракттык аскерге чакырууда коррупция орун алганын билдирди  

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын жарандарын контракттык аскердик кызматка чакырууда Коргоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, пара алуу фактысы боюнча 2025-жылдын 23-сентябрында кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири Б.М.С.  Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы М.А.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, анык аскердик кызматка чакыруу үчүн жарандардан 70 миң сомдон  90 миң сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алгандыгы аныкталган.

Текшерүүдө белгиленген кызмат адамдары аскерге чакырылганга чейин акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2025-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен аталган Б.М.С. кылмыш ишин тергөө учурунда эки айлык мөөнөткө УКМКнын  тергөө абагына киргизилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты