УКМК: Контрабандалык дары-дармек сатуу боюнча мыйзамсыз схеманын бети ачылды
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарында жайгашкан кампада 11-сентябрда тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Европа жана КМШ мамлекеттеринен алып келинген өзгөчө ири өлчөмдөгү дары-дармек каражаттары табылган. Ошондой эле кампанын уруксат кагаздары жок иштетилип келгени аныкталган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган кампадан алынган дары-дармектер табылган 10 дарыкананын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлду. Мыйзамсыз дары-дармек каражаттары аймактар боюнча, Ош шаарына жана Ош облусуна, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына, ошондой эле Жалал-Абад шаарына таратылган.
Дарыканаларды тинтүү учурунда күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармектер табылганы, колдонуу боюнча рецепт кагаздарынын жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жаткандыгы өлкө мыйзамдарынын одоно түрдө бузулуусун айгинелейт. Мыйзам бузуу фактыларын тастыктоо максатында контролдук сатып алуулар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тиешелүү уруксат кагаздары жок контрабандалык дары-дармектерди сатуу фактылары белгилүү болду.
Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келүүнү 1973-жылы туулган Б.Г.Ж. шектелип, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




