УКМК Kav&Kev компания башчысынын кармалышы боюнча маалымат берди

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кав жана Кев (Kav&Kev) дыйкан чарбасынын башчысы, Кыргызстандын жараны А.В.К. тарабынан мыйзам бузуу аныкталганын жана кармалганын билдирди.

Ал тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартканы айтылат. Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен.

Мындан тышкары, жарактуу мөөнөткө ылайык келбеген мөөнөттөрдү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.

17-ноябрда Kav&Kev дыйкан чарбасынын башчысы А.В.К. кармалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 379-беренесинин 3-бөлүгүнүн (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документ жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыштары боюнча айып тагылган.  Ал УКМКнын убактылуу камак жайына киргизилди.  

Буга чейин аталган компанияда тинтүү иштери жүрүп, жетекчилиги кармалганы тууралуу маалыматтар ЖМКда, социалдык тармактарда тараган.

УКМК Kav&Kev компания башчысынын кармалышы боюнча маалымат берди

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты