УКМК Камчыбек Ташиевдин иликтөөлөрдө сөз болгон “Насоновское” алтын кенине тиешеси жок экенин билдирди   

  • 6 дней мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысынын «Насоновское» алтын кенине катыштыгы бар болушу ыктымал делген «Клооп» жана «Темиров Live»  тарабынан мурда жарыяланган макаласына, УКМК аталган кендин жалгыз ээси Кыргызстандын жараны Боотаев Азрет Түркменович экенин, ага карата мурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунундагы ишмердүүлүгү боюнча иш козголгондугун маалымдады.

“Тергөө иштеринин жүрүшүндө «Насоновское» кенин мурдагы жеке менчик ээси А.Боотаев, «Консульере Групп» ЖЧК компаниясына жетишилген макулдашуулардын негизинде, кенди иштетүүгө милдеттүү түз инвестициялардын шарттары менен сатканы аныкталган.        Бирок, кийинчерээк «Консульере Групп» ЖЧКсы «Насоновское» кенин сатып алгандан кийин мамлекетке жүктөлгөн милдеттерди аткарбай койгону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында социалдык милдеттенмелерди өз убагында төлөбөгөндүгү, салык карыздары бар экендиги жана комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартпаганы аныкталган” деп айтылат УКМК билдирүүсүндө.  

Ошондой эле маалыматта жүргүзүлгөн иш-чаралар комплексинин жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 12-мартында «Насоновское» кенин иштетүүгө лицензия жокко чыгарылганын жана жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аркылуу мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилгендигин кошумчалады.

“Бул контекстте Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин «Насоновское» кенин ишкердик субъекттери тарабынан өздөштүрүү жана иштетүү маселелерине эч кандай тиешеси жоктугун жана болбогонун белгилей кетүү керек” деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Клооп» жана «Темиров Live»  басылмаларынын иликтөөсүндө “Насоновское” алтын кенине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

«Клооп» басылмасы  Азрет Боотаевдин «Насоновское» алтын кенин иштетүүгө лицензиясы болгону, бирок ал кармалгандан бир жарым жыл өткөндөн кийин лицензиясына ээлик кылган «Акжолтой Майнинг» компаниясын Артур Алыбаев аттуу ишкерге жана «Консульере Групп» аттуу компанияга өткөрүлүп берилгени айтылган. Ал эми Артур Алыбаев Камчыбек Ташиевдин досу Айбек Алыбаевдин уулу экени белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты