УКМК үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүүгө жана алдамчылыкка шектүү жаран кармалганын билдирди

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) дарегине М.Т.дан күйөөсү Р.У.Н. тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы тууралуу маалымат түшүп, ал кармалганын жана ошондой эле алдамчылыкка да шектелип жатканын билдирди.    

Анын кесепетинен борбордогу медициналык мекемелердин бирине жаткырылып, ал жактан тиешелүү дарылануу жана үй-бүлөлүк психологдун консультациясын алып жатканын айткан.

Тергөөдө Р.У.Н. үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым залал келтирип, коркутуп, аялына моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ошондой эле анын туугандарынан алдамчылык жолу менен 30 миң АКШ долларын алып, көпкө чейин кайтарып бербей келгени аныкталды.

Ошол эле учурда аялы алган акча каражаттарды кайтарып берүүнү суранганда Р.У.Н. системалуу түрдө ур-токмокко алып турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Р.У.Н. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, системалуу түрдө ур-токмокко алуу фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, тиешелүү чаралар көрүлөт.

УКМК үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүүгө жана алдамчылыкка шектүү жаран кармалганын билдирди

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты