УКМК: “Иисус” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топ мүчөсү жана тарапташтары кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
«Иисус» деген ат менен белгилүү, бир нече жолу соттолгон, Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган М.Б.М. аттуу жаран жана анын тарапташтары — К.У., М.С.М. кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапташтары узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, коркутуп, зомбулук, опузалоо менен алектенишкен. Жалпысынан коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу менен аффилирленген жактарга наркы 170 миң АКШ доллар мүлктү тариздеген.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталууда.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!