УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды»

  • 2 года мурун

ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С. кармалды. Кармалган тергөөчү Ю.А. аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү Ш.С. жана ортомчу Ю.А. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды» #57327
УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды» #57328
УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды» #57329
УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды» #57327 (preview)УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды» #57328 (preview)УКМК: «ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды» #57329 (preview)
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты