УКМК: ИИМдин күзөт кызматында коррупциялык схема аныкталды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен биргелешип өткөрүлгөн иш-чаранын натыйжасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин күзөт полкунун катардагы кызматкерлеринен дайыма акча чогултуусу боюнча коррупциялык схемалар аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою карамагындагы кызматкерлерден коммерциялык объектилерде күзөт кызматын көрсөтүү боюнча кызматтык кошумча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн акча алып келгендиги боюнча далилдер алынган. Кызматкерлер расмий түрдө кошумча кызматтык айлык акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кирешесинин бир бөлүгүн жетекчиликке өткөрүп берүүгө аргасыз болуп келишкен.
Опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, 27-августта ИИМдин күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май районунун күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары А.Б.Г. 110 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Ошондой эле, бул коррупциялык схемага Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы О.С.С. тин катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң АКШ доллары жана 5 миллион 890 миң сом табылган. Ошондой эле 9х17 мм калибриндеги, эсепке алынбаган 32 ок-дары табылган.
Мындан тышкары, бөлүмдүн улук инспектору Ч.Б.К. жана взводдун командири М.Э.Т. аталган коррупциялык схемаларга катыштуулугу боюнча шектүү катары кармалышты.
Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




