УКМК: «Хизбут-Тахрирдин» мүчөлөрүнүн жашаган жери тинтүүгө алынды
- 1 год мурун
Кара-Суу районунда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, экстремисттик материалдар табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 18-февралда УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
«Жыйынтыгында «Хизбут -Тахрир» радикал-экстремисттик агымынын «Аль-Вайи» деп аталган 4 китеби, «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылууда.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы




