УКМК: “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун ишине бөгөт коюлду   

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган адабияттарды таратууга, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга аракеттенген «Хизбут-Тахрир» экстремисттик жашыруун топторунун биринин жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөндүгү айтылды. «Хизбут-Тахрирдин» окутуу боюнча жыйынына өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталды.

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон, ал кармалгандар менен бирге УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда тыюу салынган көп сандагы адабияттар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

УКМК жарандардын тыюу салынган уюмдарга мүчөлүгү, ошондой эле жаш балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тартуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты