УКМК: “Хизб-ут-Тахрирдин” балдар менен иштеген мүчөсү кармалды
- 1 year мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун балдар менен иштеген мүчөсү кармалганын билдирди.
Атайын кызматтан билдиришкендей, 6-декабрда баш калаанын Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде аталган уюмга мүчө деп шек саналган эки кишинин батиринде тинтүү жүргүзүлгөн.
24 жаштагы шектүүнүн үйүнөн “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна таандык адабияттар, идеологиялык жазуулары бар материалдар табылган. 27 жаштагы шектүүнүн үйүндө балдарга диний билим берилип жатканы аныкталган.
“Тинтүү жүргүзүлгөн кезде батирде 10-17 жашка чейинки жети өспүрүм болгон. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдарды экени такталды”, – деп айтылат маалыматта.
Балдарга окутуу уюштурган деп шектелген жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал окутуп жаткан өспүрүмдөр туугандарына өткөрүлүп берилди.
Сунни мусулмандарынын “Хизб-ут-Тахрир” уюму “ислам халифатын курууну көздөйт” мүнөздөлөт. Бул диний-саясий уюм бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да “экстремисттик” деп табылып, 2003-жылы Жогорку соттун чечими менен ишмердигине тыюу салынган.