УКМК: «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 24-сентябрда «Хизб-ут – Тахрир» экстремисттик идеологияны тараткан жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенген 1993-жылы туулган Н.А.К., 1992-жылы туулган У.М.И., 1991-жылы туулган Г.К.А. аттуу КР жарандары кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы 9-октябрда билдирди.
Алардын арасынан бир мүчөсү, У.М.И. экстремисттик ишмердиги үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.
Жашаган жерин тинтүү учурунда экстремисттик маанайдагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат.
Кармалган Н.А.К., У.М.И. жана Г.К.А. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилди. Аталган уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




