УКМК эттин баасын жасалма көтөргөндөргө мыйзамдуу чара колдонуларын эскертти

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда эт азыктарын саткан чекене ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жер-жерлерде көчмө жыйындар өткөрүлдү.

2025-жылдын 11-августунан тартып, Министрлер кабинети эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизген. Ага ылайык, эттин бир килограммынны баасы 790 сомдон ашпашы керек.

Баарлашуу учуруна ишкерлерге өкмөт белгилеген эрежелерди сактоо жана эт азыктарынын бааларын жасалма түрдө көтөрүүгө жол бербөө зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле эт азыктарына бааны жасалма төрдө көтөрүү жана эттин бааларына киргизилген мамлекеттик талаптар аткарылбаса, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар жоопкерчиликке тартылары белгиленди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты