УКМК: Эсеп палатасынын аудитору жана инспектору коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акцияларынын 100%ы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коомунда өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген  коррупциялык фактылар аныкталганын билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Эсеп палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 доллар өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан.

Аталган фактынын негизинде Эсеп палатасынын аудитору С. З. жана инспектору О. Ж.га Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча аталган кылмышка катыштыгы бар башка тараптарга дагы дагы юридикалык баа берилмекчи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты