УКМК эл аралык трансулуттук нарколаборатория аныкталганын билдирди  

Улуттук коопсуздук мамлекетти комитети (УКМК) эл аралык трансулуттук синтетикалык өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга бөгөт койду.

“Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 44 кг 420 гр синтетикалык баңгизат алынып, 7 КР жараны кармалып, 3 нарколаборатория аныкталды. Кармалган баңгизаттардын базар баасы 266 млн 520 миң сомду, б.а. 3 миллион АКШ долларын түзөт. (бул заттын 1 граммы 6000 сом)” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын 3-апрелдеги маалыматында.

Бул мыйзамсыз ишке 30 жашка чейинки жаштар активдүү катышып жатканы белгиленди.

Буга байланыштуу КР УКМК менчигинин түрүнө карабастан жарандарды жана уюмдарды баңгизатка байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында жаштар менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырат.

Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу, даярдоо же жөнөтүү  боюнча  КР кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты