УКМК эл аралык террордук уюмдар менен байланышууга шектүү кармалганын билдирди
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында контртеррордук иш-чараларды жүргүзүү учурунда 1-апрелде Ю.В. аттуу жаран кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“Шектүү террордук уюмдардын идеологиясын жана Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын колдоочу болуп саналат. Эмгек миграциясында жүргөн мезгилде террордук ишмердүүлүктү каржылоо менен алектенген эл аралык террордук уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган” деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ю.В. чет мамлекеттин аймагындагы согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине чыгып кетүүнү жана мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган эл аралык террордук уюмдун башчысына кошулууну пландаганды да маалымдалды..
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК террордук уюмдардын ишине катышуу жана аларды каржылоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.
Сүрөт: УКМК




