УКМК экономикалык ири аткезчиликке катышкан топ кармалганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош облусунун аймагында Өзбекстандын 15 жаранынан жана Кыргызстандын 10 жаранынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Аталган топту колдоп жүргөн мамлекеттик бажы кызматынын эки кызматкери, анын ичинде нөөмөт башчысы жана мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган кылмыштуу топ Түркиядан Ош облусунда сатуу үчүн кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды Кыргыз Республикасына системалуу түрдө аткезчилик жол менен ташып келип, андан кийин Өзбекстан алып өтүп турган.

Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башкармалыгы жана Ош бажысы менен бирге «Стамбул-Ош» каттамынын жүргүнчүлөрүнүн жүгүн текшерүү учурунда Өзбекстандын жана Кыргызстандын айрым жарандарынан медициналык дары-дармектердин жана зер буюмдардын ири партиясы табылган.

Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү: Өзбекстандын үч жараны -У.Б.К., И.М.Т. , С.У.А. жана Кыргызстандын беш жараны — И.З.М, М.Б.П., М.У.К., К.Ш.Х. жана С.Б.К.кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ тарабынан 2025-жылдын ичинде Түркиядан 50дөн ашык каттам ишке ашырылып, 50 килограммдан ашык алтын буюмдары контрабандалык жол менен алынып келингени аныкталган. Бул иш-аракеттери менен алар мамлекеттин бюджетине олуттуу зыян келтиришкен.

Тергөө иштери улантылууда.

УКМК экономикалык ири аткезчиликке катышкан топ кармалганын билдирди
УКМК экономикалык ири аткезчиликке катышкан топ кармалганын билдирди
УКМК экономикалык ири аткезчиликке катышкан топ кармалганын билдирди
УКМК экономикалык ири аткезчиликке катышкан топ кармалганын билдирди
УКМК экономикалык ири аткезчиликке катышкан топ кармалганын билдирди

Сүрөттөр: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты