Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бүгүн, 3-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния, Венгрия, Тажикстан, Кытайдан үч салмак категориясы (90кг чейин, 100кг чейин, 110кг чейин) боюнча 42 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр:

90 кг чейин:

1-орун-Откелбай Дарын (Казахстан)

2-орун — Бердибек уулу Ислам (Кыргызстан)

3-орун — Норкулов Тойчубек (Тажикстан)

3-орун — Нематуллаев Саидаф (Өзбекстан)

100 кг чейин:

1-орун — Избассаров Сырым (Казахстан)

2 — орун — Мунур уулу Амантур (Кыргызстан)

3-орун — Эшбеков Наврузбек (Тажикистан)

3-орун — Зокирджонов Азизбек (Өзбекстан)

110 кг чейин:

1- орун — Башан Асхат (Кыргызстан)

2- орун — Абдыраханов Турду (Кытай)

3 — орун — Еркинулы Нуржан (Казахстан)

3- орун — Шайтан Харджаубай (Монголия).

1-орундун жеңүүчүлөрү 100 миң сомдон, 2-орун 80 миң сомдон, ал эми коло байге ээлери 60 миң сомдон алышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты