УКМК: Чолпон-Ата шаарындагы №44 түзөтүү мекемесинин жетекчиси кармалды
- 2 месяца мурун
- Видео
27-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Министрлер кабинетине караштуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Чолпон-Ата шаарындагы №44-түзөтүү мекеменин башчысы А.Т.А. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
“Улуттук коопсуздук органдары А.Т.А. бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «жатак-абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» нускаманы бузуу менен, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланганын аныктады. Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында А.Т.А. жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү фактысы такталган” деп айтылат маалыматта.
Кармалган адамга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу чарасы тандалды. Тергөө иштери уланып жатканы айтылды.