УКМК: Чолпон-Ата электр тармактарынын башчысы үйүнө майнинг-ферма уюштуруп алган  

  • 2 года мурун

8-декабрда УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын башчысы И.А.Ж.  жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруу фактысы аныкталды.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 7-декабрындагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө аталган башчы жашаган жери — Чолпон-Ата шаарындагы Акималиев көчөсү, №1 дареги боюнча көрсөтүлгөн майнинг-ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, бир топ көлөмдө электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды.

Кармалган электр тармактар башчысы узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган.

Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электрэнергиясын уурдап, муну менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.

Азыркы учурда, бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Чолпон-Ата электр тармактарынын башчысы үйүнө майнинг-ферма уюштуруп алган  

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты