УКМК “Чакан” ГЭСтин 150 миң сом пара алган баш директорунун орун басарын кармады

  • 1 год мурун

“Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунда курулуш тендерин өткөрүү үчүн акча талап кылып чыяктуу коррупциялык схема орун алгандыгы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.   

“Чакан ГЭСтин” жетекчилеринин бири ишкерлерден түзүлгөн келишимдин 10%ына тете акча каражатын талап кылгандыгы тергөө тарабынан аныкталган.

“Келтирилген далилдин негизинде 150 миң сом акча доолап, алып жаткан жеринен А. М. кармалды» деп айтылат маалыматта.

“Чакан ГЭСте” башкы директордун орун басары болуп Майрамбек Абдыкадыров иштейт.

Ага кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты