УКМК буюртма киши өлтүрүүнүн бети ачылганын билдирди
- 1 год мурун
- Видео
2025-жылы УКМК тарабынан 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган А.З.А. аттуу жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Мына ушул факты боюнча буюртма киши өлтүрүүнүн бети ачылганы кабарланды.
“Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде, бул киши өлтүрүүнүн буюртмачысы болуп «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов экендиги, ошондой эле өлтүрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, жоюлган К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун курамында болгондугу аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө К.Досонов менен А.З.А.нын ортосунда жеке кастык мамилелер болгондугу, буга К.Досоновдун «общак» деп аталган кылмыштуу шериктештиктин жалпы каражаттарынан акча өздөштүрүп алгандыгы тууралуу, маркум А.З.А.нын маалыматы бар экендиги себеп болгондугу такталган. А.З.А.нын К.Досонов тарабынан кылмыштуу чөйрөнүн жүрүм-турум эрежелерине каршы акча уурдаганы тууралуу маалыматты К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жеткирүү ниетинен улам, Досонов өзүнүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген” деп айтылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.
“2015-жылдын 7-августунда соттолгон Жалал-абад облусунун тургундары 1986-жылы туулган А.Р.Ш., 1986-жылы туулган Ю.Б.Н. жана Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган Д.А.Д. К.Досоновдун буйругу менен А.З.А.га күч колдонуп, анын тамырына өлүмгө алып келүүчү көлөмдө «героин» баңги затын сайып, натыйжада ал ошол жерден каза болгон. Азыркы учурда тергөө тарабынан бул кылмышка пенитенциардык тутумдун кызмат адамдарынын катыштыгы да текшерилип жатат, анткени 2015-жылдан бери А.З.А.нын өлүм себеби иш жүзүндө бекитилип келген жана өлүмгө баңгизаттарды ашыкча колдонуу себеп болгон деп гана саналган”.
“Уурулук фактыларын жашыруу максатында К.Досонов эч ойлонбостон жердешинин өлүмүнө буйрук берген. Андыктан бул кылмыштын мотивинин кынтыксыздыгына өзгөчө көңүл бурулат”.
УКМК басма сөз кызматы ушундай маалыматтарды таратты жана тергөө улантылып жатканын билдирди.
2024-жылы 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновду 20 жылга эркинен ажыратты.
2023-жылдын 13-январында Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.
Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкекке которулган. Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




