УКМК: Блогер Жумагулова 60 миң сом пара талап кылган

  • 8 месяцев мурун

Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, интернет-блогер А. Жумагулова Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты