УКМК: Бишкектеги балдар бакчасынын имараты ыктыярдуу түрдө  мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсү 93 дарегинде жайгашкан, аянты 0,8 га болгон №159 балдар бакчасынын имаратын жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «1993-жылы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде «Уста» компаниясынын балансында турган бала бакча жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен.Мүлктүн ээси Ю.Ш.А., мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу түрдө №159 бала бакчанын имаратын, жер тилкеси менен кошо  мамлекетке өткөрүп берген».

Бүгүнкү күндө бул объект мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты