УКМК: Бишкек милициясынын баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери кармалды
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) эки кызматкери жарандарга өсүмдүк жана синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү катары кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“ 2025-жылдын 29-апрелинде дагы бир ири дозаны өткөрүп берүү учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Б.Д.М., ошондой эле аны менен алдын ала сүйлөшүп алган милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалды. Белгиленген кызматкерлердин жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында баңги каражаттары табылган” деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо иштери жүрүп белгиленди.
Кармалган милиционерлер Б.Д.М. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына, ал эми Г.М.Б. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин, 29-апрелде, бир катар ЖМК күч структураларындагы жеке булактарына таянып, Бишкек шаардык ИИББде тинтүү жүрүп жатканын жазган.


Сүрттөр: УКМК басма сөз кызматы