УКМК: Баткенде жергиликтүү тургундун унаасынан 7 кг баңгизат табылды
- 3 года мурун
Баткенде жергиликтүү тургундун унаасынан салмагы 7 кг болгон баңгизат табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча башталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 9-декабрь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында К. К. аттуу жаранга тиешелүү унаадан болжол менен 7 кг салмактагы баңгизаты табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган баңгизаты гашиш (кара куурай) экени аныкталган.
Учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү