УКМК: Баткенде жеке менчикке чыгарылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 2 месяца мурун
Баткен шаарында жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Баткен шаарындагы «Базар-Башы» кварталында жайгашкан, аянты 0,77 гектар жер мурда «Баткен-Транс»муниципалдык ишканасына таандык болгон жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысын аныктады. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча объектинин ээси Т.А. автоматташтырылган маалыматтык системасынын Маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында аныкталган мыйзам бузуу фактыларын мойнуна алып, өз ыктыяры менен Баткен шаарынын мэриясынын балансына жер тилкесин өткөрүп берди», — деп жазылат маалыматта.
Муну бөлүшүү