УКМК: Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан 189 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 гектар жер болгон З.Абдукаримов атындагы орто мектептин аймагынын бир бөлүгү болуп, мурда “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды.

УКМК республиканын бардык аймактарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык жер тилкелерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты