УКМК: Баткен университетинде бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды

  • 1 год мурун

2020-2024-жылдар аралыгында Баткен мамлекеттик университетинде (БатМУ) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.   

“Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту “Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу жана коротуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында БатМУнун жооптуу кызматкерлери контракттык негизде окуу үчүн акы төлөнүүчү студенттердин акча каражаттарын ыйгаруу боюнча мыйзамсыз схеманы, ошондой эле жалган документтерди тариздөө жолу менен командировкалык чыгымдарды негизсиз төлөөлөрдү уюштургандыгы такталган” деп айтылат маалыматта.  

2020-жылдан 2024-жылга чейин контракт боюнча окуу үчүн студенттер төлөгөн 14 млн.447 миң 200 сом акча каражаты БатМУнун бюджетине түшпөй, университеттин жооптуу адамдары тарабынан кымырылганы белгиленди.

Мындан тышкары, университеттин жооптуу адамдары тарабынан кызматкерлерге жана студенттерге 2 млн.875 миң 300 сом суммасында чет өлкөгө командировкалык төлөмдөр негизсиз чыгымдалган деп эсептелди.  

Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматын тартуу менен жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян 17 млн.322 миң 500 сомду түзгөн.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты