УКМК: Бактыбек Аманбаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы элчи Бактыбек Аманбаев эч кандай мыйзамсыз иш кылбагандыгы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, 20-ноябрда УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин тапшырмасына ылайык Б.А. аттуу жарандын арызы боюнча Кыргызстандын АКШ жана Канададагы мурдагы элчиси Б. Аманбаевге, мурда кармалган Б.А.нын тууганына карата кылмыш ишин оң чечкендиги үчүн 250 миң АКШ долларын опузалоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү башталган.
«Белгилүү болгондой, арыз ээсинин сөзү боюнча Б.Аманбаев кармалган тууганынын маселесин УКМКнын төрагасынын байланыштары аркылуу чечүүнү каалаганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.А.нын тууганы менен Б. Аманбаевдин ортосунда өз ара карыз милдеттенмелери болгонун, башкача айтканда Б.Аманбаев тарабынан опузалоо болбогондугу аныкталды» деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган 250 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты арыз ээсине кайтарылган. Буга байланыштуу Б.Аманбаевге карата арыздануучудан каршы билдирүү түшкөн. Тактап айтканда, Б.Аманабаевдин аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок экендиги айтылды.
«Учурда УКМК тарабынан арыз ээси Б.А.нын өзүнө карата кылмыш жасагандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча материалдар бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн материалдарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсинин аракеттерине юридикалык баа берилет»- деп билдирди УКМК.
20-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып, мурда элчи болгон белгилүү саясатчы 250 миң доллар пара алууга шектелип жатканын жана жакында камалаарын журналисттерге билдирген.
“Бүгүн-эртең менен аны камоо тапшырмасын бердик. Анын үстүнөн арыз түшкөн, акча алгандыгы тууралуу көрсөтмө бергендер, видео тасмасы, фотосу да бар” деп айткан Камчыбек Ташиев журналисттерге.
Сүрөттө: Бакыт Аманбаев. Интернет булактарынан