УКМК Бакай-Ата районунун акими кармалганын билдирди
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкесин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктаганын билдирди.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, “тергөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка Бакай- Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким И.А.Т.нын тиешеси бар экени аныкталып, ал үстүбүздөгү жылдын 11-мартында кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда”.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы