УКМК: БАЭден мобилдик аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан уюлдук телефонду аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду,

Алынган маалыматтарга караганда, айрым ишкерлер мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, Бириккен Араб Эмираттарынан  Кыргыз Республикасына кымбат баалуу мобилдик аппараттарды жана аксессуарларды аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкан.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 19-майында «Манас» Баажы каттоо жеринин бажы контролунун аймагына, ичинде кымбат баалу 5759 даана мобилдик аппарат түрүндөгү жүгү менен, «SIVAS TRADE» ЖЧКсына таандык жүк ташуучу учак келип конгон.

Андан соң, мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен мурда алдын ала макулдашылган схема боюнча тиешелүү жүк ташуу документтерин толтурбастан, эки «Мерседес-Бенц» автоунаасына бул жүктү мыйзамсыз жүктөп алып өтүүгө аракет кылган.

Бул ишке байланыштуу, УКМК жана мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жогорудагы автоуналар токтотулуп, ичиндеги жүктөр текшерүүгө алынган.

Жогорудагы автоуналардын жүк салгычтарын текшерүү учурунда 5567 даана кымбат баалуу телефон, 127 даана кулакчын жана 64 даана саат табылган.

Учурдагы товарларга тиешелүү жүк ташуу документтери жок болгондуктан, бул жүк мыйзамсыз түрдө аткезчилик жол менен экспорттолгон.

Бул факты боюнча материалдар тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты