УКМК: Баңгизатты ири өлчөмдө сатууга аракеттенген чет элдик жаран кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жаран кармалды.

УКМК кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын (жалпы салмагы 2,98 кг. гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда Н.К.М. аттуу чет элдик жаран кармалган.

Азыркы учурда кармалган адам кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайына киргизилди.  

УКМК: Баңгизатты ири өлчөмдө сатууга аракеттенген чет элдик жаран кармалды
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты