УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан дары-дармектердин жана уюлдук телефондордун партиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунда дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен М. М. К. аттуу жаран кармалган.

Шектүүнүн унаасын текшерген учурда жалпы суммасы болжолдуу 50 млн сомду түзгөн 1500-2000 кутуча дары-дармек жана 348 даана уюлдук телефон табылган. М.М.К. аталган товарларды өсүмдүк майы катары алып өтүүгө аракет кылган.

Текшерүү учурунда товарлардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан жана дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылбаганы аныкталган.

Милиянын берген маалыматына ылайык, бул унаа Орусиядан келип, Кыргызстандын түштүк аймагын көздөй бара жаткан.

Учурда контрабандалык жүктүн чыныгы ээлерин аныктоо боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды
УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды
УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды
УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды
УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды
УКМК: Аткезчилик менен алынып келаткан дары-дармектердин партиясы кармалды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты