УКМК: «Азия Моллдо» бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адам аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адамды жана ал байланышкан номерди аныктады. Атайын кызмат учурда жалган кабарды ошол жаран берип-бербегени такталып, текшерилип жатканын билдирди.

Кечээ, 20-январда түштөн кийин Asia Mall соода борборунда бомба коюлду деген маалыматтан улам имараттын ичиндеги жарандардын баары сыртка чыгарылып, автоунаа токтотуучу жайы бошотулган, милиция имараттын жака-белин курчоого алган. Шектүү эч нерсе табылбагандыктан Asia Mall кечки саат 7де кайра ачылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты