УКМК ардагери Талант Разаков дүйнөдөн кайтты
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ардагери, отставкадагы полковник Талант Разаков дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Талант Разаков 1955-жылы 9-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1979-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1981-жылы Улуттук коопсуздук комитетине кызматка алынган. Ал оперативдүү кызматкерден УКМК бөлүмдөрүнүн башчысы кызматына чейинки жолду басып өткөн.
Талант Разаков Улуттук коопсуздук тармагына сиңирген кынтыксыз кызматы, жогорку кесипкөйлүгү үчүн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон.
Талант Разаков кызматтык ишмердүүлүгүнөн тышкары өзүн таланттуу журналист жана жазуучу катары көрсөткөн. Ал — тарых жана улуттук коопсуздук органдарынан ишмердүүлүгүнө байланышкан бир нече китептин автору.
Талант Разаковдун жаркын элеси, анын кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана адамдык сапаттары кесиптештеринин, аны билгендердин эсинде түбөлүккө сакталат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, өздүк курамы жана ардагерлер кеңеши УКМК ардагери, отставкадагы полковник Талант Разаковдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




