Композитор, обончу Турганбай Молдогазиев 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу, маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жаш курагында дүйнө салды.

Бул тууралу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Турганбай Молдогазиев 1940-жылдын 13-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылында туулган. Мураталы. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Москва мамлекеттик маданият институтун аяктаган.

Эмгек жолун музыкалык билим берүү тармагынан баштап, ар кайсы жылдары маданий жана билим берүү мекемелеринде жооптуу кызматтарды аркалаган. Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору, Кыргыз ССРинин Театр коомунун төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигине караштуу Элдик чыгармачылык жана маданий-агартуу илимий-методикалык борборунун директору болуп иштеген. Ошондой эле Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Бишкек гуманитардык университетинде проректор жана окутуучу болуп эмгектенген.

Анын «Күү баяны» аттуу илимий-көркөм радиоберүүлөрүнүн сериясы угармандарга улуттук музыкалык мурастарды таанытууда маанилүү орун ээлеген.

Ал бир катар обондордун, күүлөрдүн, пьесалардын жана маданий иш-чаралардын сценарийлеринин автору болгон. Анын «Сонун кез», «Ак шоола чачсаң», «Гүл талаа», «Гүлдөй бер, Кыргызстан» сыяктуу чыгармалары, «Карыянын кайрыгы» жана «Ысык-Көл баяны» күүлөрү бар.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, №90 дарегинде, 23-октябрь күнү саат 10:00дө өтөт.

Сүрөттө: Турганбай Молдогазиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты