УКМК: Араван РИИБ кызматкери 120 миң сом пара менен кармалды
- 2 месяца мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички чалгындоо кызматы менен бирге Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басары 120 миң сом алып жаткан жеринен пара менен кармалганын билдирди.
28-ноябрда УКМКга Ош облусунун Араван райондук ИИБсынын кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен бир жаран кайрылган. Аталган жарандын кылмышка шектелип Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 миң сом акча каражаты опузаланган.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!