УКМК академиясынын курулушу башталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча комитетинини ( УКМК) академиясынын имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөбүздө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин окутуп, даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок.

Курулушту баштоо аземине УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана меймандар катышты.

1993-жылдын 19-апрелинде Улуттук коопсуздук министри генерал-лейтенант А.К. Бакаев, өзүнүн

буйругу менен министрликтин алдында атайын окуу түзүмүн түзгөн.

Бул окуу бөлүмү кийин — жогорку курс, андан соң — окуу борбору деп аталып келди. Кыргыз Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, аталган окуу борбору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон.

Азыркы кезде УКМКга кызматка алынып жаткандардын дээрлик бөлүгү ушул жайдан окуп, кайра даярдыктан өтүүдө.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты