УКМК: Айыл чарба министрлигинин жетекчилери кармалды

  • 2 года мурун

Айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында бир нече жыл бою өз ара сүйлөшүп алып жасалма тоскоолдуктарды жараткан кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу  аныкталды. 

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдирди.   

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга айыл чарба, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Ушул жылдын 26-октябрында айыл чарба, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы орун басары М.И., ошондой эле министрдин мурдагы орун басары И.А.С. кармалып, КР УКМК убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты