Уюшкан кылмыштуу топтун “Таранчы” каймана аты бар активдүү мүчөсү кармалды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК)  тарабынан  26-мартында  Ош шаарынын аэропортунда маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына  салык салуу аракетин көргөндүгү  аныкталды.

Кармалган жаранга опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы малымдалды. Н.Н.К. УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты